Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашты

193

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.  
 
Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.  
 
Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. 
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK