Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылдагы майрам күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында 1-майдан 5-майга чейин жана 9-май жумушчу эмес күн болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин жана 9-май күнү Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги жарандарды кабыл албай турганын маалымдайбыз.

Ошол эле учурда, тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн консулдук бөлүмдө нөөмөт жана түз байланыш телефону иштейт: +992887782223.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, Элчиликке башка даталарга барууну пландаштырууну суранабыз.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK