2019-жылдын 24-августунда Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин катышуусунда көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин катчылыгы жана «Боргохи Сухан» маданият борбору тарабынан уюштурулган кыргыз-тажик достугуна арналган иш чара болуп өткөн
2019-жылдын 24-августунда Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин катышуусунда көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин катчылыгы жана «Боргохи Сухан» маданият борбору тарабынан уюштурулган кыргыз-тажик достугуна арналган иш чара болуп өткөн.
Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын эл артисттери, жазуучулар жана маданий ишмерлер өз сөздөрүндө Кыргызстан менен Тажикстандын, каада-салттары, маданияты жана эки элдин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достугун белгилешип, мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык, коомдук жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын айтышты.
Катышуучулар ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын келе жаткан мамлекеттик эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.