Душанбе шаарында Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия Региондук борбору (БАПДРБ) аркылуу Борбордук Азия регионунда суу-энергетикалык кызматташтык боюнча практикалык семинары болуп өттү

4227

2019-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Душанбе шаарында Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия Региондук борбору (БАПДРБ) аркылуу Борбордук Азия регионунда суу-энергетикалык кызматташтык боюнча, ошондой эле суу ресурстары менен байланышкан «суу, тынчтык жана коопсуздук» өз ара байланышын камтыган талаш-тартыштарга карата суу дипломатиясынын тажрыйбасы боюнча практикалык семинары болуп өттү.

Бул иш-чарага КР ТИМнин өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Асангул Бакыт, Кыргыз Республикасынын Тажик Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, ошондой эле Борбордук Азиянын жана Афганистандын эксперттери, тышкы саясат чөйрөсүндөгү жана профилдик ведомстволору катышкан.

Тематикалык семинар суу дипломатиясы чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйба менен таанышууга, Борбордук Азияда жана Афганистанда эң мыкты практикалар менен алмашууга эсептелген.

Катышуучулар биргелешкен чек ара аралык суулардын жана ага тиешелүү ресурстардын сакталышын жана башкарылышын жана суу дипломатиясынын ролу менен предметтик таанышкан.

Тараптар Борбордук Азиянын суу-энергетикалык кызматташтыгынын Эл аралык-укуктук аспектилерин жана БАПДРБ колдоосу астында суу-энергетикалык кызматташуу боюнча Максаттуу жумушчу топтун Жобосунун долбоорун талкуулашты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK