Маданий-гуманитардык кызматташуу

Ар кандай иш-чараларды уюштуруу менен Кыргызстанды, анын улуттук баалуулуктарын, тарыхый инсандарын таанытуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Акыркы 2 жылда Элчилик жергиликтүү бийлик менен биргеликте ишке ашырган маанилүү иш-чаралардын бири Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде Элчиликтин демилгеси менен Ч.Айтматов атындагы паркта жазуучунун эстелигинин муниципалитет тарабынан жасалып, расмий ачылышы жазуучунун туулган күнүндө 2019-жылдын 12-декабрында болуп өткөн.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Элчиликтин демилгеси менен Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги орнотулду. Анын ачылыш аземи 2021-жылдын 1-октябрында болуп өттү.

2020-жылдын 1-февралында Анкара шаарында Түрк тарых коомунун кеӊсесинде Элчилик Түркиядагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган “Азиянын биринчи генерал айымы” деп аталган эскерүү маданий иш чарасын уюштурган.

Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинин башчысы Б.Демирбаш менен аталган муниципалитетте Курманжан Датка паркын ачуу жана анда анын эстелигин орнотуу боюнча жетишилген макулдашууга ылайык, 2021-жылдын ноябрь айынын аягынан баштап учурда паркты түзүү, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Маданий кызматташтык эки тараптуу деңгээлде да, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында да ишке ашырылууда. Акыркы эки жылдын ичинде бир катар иш-чаралар аткарылды. Алардын ичинде "Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору -2019" жылынын ачылыш аземи, С.Чокморовдун 80 жылдык, Т.Турсунбаеванын 75 жылдык, Ч.Базарбаевдин 70 жылдык, А.Жакшылыковдун 70 жылдык жана Б.Шамшиевдин 80 жылдык мааракелерине арналган эскерүү иш –чаралары бар.

Гуманитардык кызматташтыктын маанилүү багыты Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркиянын ооруканаларында бекер дарылануусу болуп саналат. 2019-жылдын май айында эки тарап кол койгон протоколго ылайык жылына бөлүнгөн квота 100дөн 150ге чейин көбөйгөн. Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын февраль айында түрк тарап кыргыз тарап менен гана эмес, башка чет мамлекеттер менен бул Макулдашууну ишке ашырууну убактылуу токтоткон.

Билим берүү тармагындагы кызматташтык – негизги багыттардын бири болуп саналат. Бул кызматташтыктын алкагында ТРнын ЖОЖдорунда бюджеттик жана контракттык негизде 1649 студент жана 19 курсант билим алууда. 2021-2022-окуу жылына карата ТРнын 1048 жараны КРнын ЖОЖдорунда билим алууда. 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Элчилик КРнан келген студенттер менен бирге, ТРнын Билим берүү министрлиги, ТРнын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер жана тектеш коомчулуктар боюнча башкармалыгы (YTB) жана ТРнын ЖОЖдору менен үзгүлтүксүз байланышта.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Элчилик 2021-жылдын июнь-ноябрь айлары ичинде Анкара шаарынын ар кайсы жерлеринде бир катар фотокөргөзмөлөрдү уюштурду. Алырдын алгачкысы КРнын Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 9-июнунда ТРна болгон иш сапарынын алкагында эки мамлекет башчыларынын катышуусунда Түркиянын Президенттик сарайында өттү. Андан кийин Түркиянын Парламентинде (23.06.21), Тышкы иштер министрлигинде (06.07.21), Анкаранын "Зафер" сүрөт галереясында (23.08.21), Президенттик сарайдагы Улуттук китепканада (06.09.21), Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинде (30.09.21), ошондой эле Анкарадагы Гази университетинде (05.11.21) өттү. Көргөзмөлөрдө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, ошондой эле тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Yerli Düşünce” журналынын атайын саны жарык көрдү. Анда Түркиянын Вице-президенти Ф.Октайдын, Элчи К.Өмүралиевдин, Түркиянын Президентинин Улук кеңешчиси Я.Топчунун, Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин (TOББ) башчысы Р.Хисаржыклыоглунун, Түркиянын парламентинин депутаттарынын, ректорлордун жана профессорлордун КР менен ТРнын ортосундагы эки тараптуу мамилелер, өлкөнүн байыркы тарыхы, бай маданияты, «Манас» эпосу жана чыгаан инсандары тууралуу, ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалы менен инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макалалары жарык көрүштү.

Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) жетекчилиги менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкаранын борборундагы TOВВнин эки эгиз эң бийик имараттары (мунаралары) Кыргызстандын желегинин түстөрүнө боёлду. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Невшехир аймагынын Үчхисар муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын туусу аба толтурулган шар менен асманга учурулуп, андан кийин Түркиядагы эң белгилүү туристтик аймактарынын бири Каппадокиядагы Үчхисар сепилине илинди.