Түркия тууралуу маалымат

Түркия Республикасы - Азия (97%) жана Европа (3%) континенттеринде жайгашкан. Чыгышта Грузия, Армения, Азербайжан жана Иран; түштүктө - Ирак жана Сирия; батышта - Греция жана Болгария менен чектешет. Өлкөнүн төрт тарабын: Кара, Жер Ортолук, Эге жана Мармара деңиздери  курчап турат.

Территориясы – Түркиянын аянты 783 562 чарчы чакырымды  түзөт. Дүйнө жүзү боюнча 36- орунда турат. Администрациялык жактан 81 аймакка бөлүнгөн.

Алкак убакыты : UTC+3

Климаты: Түркиянын Жер Ортолук жана Кара деңиз жээктеринде жайы кургак жана ысык, кышы жылуу жана жаанчыл болуп субтропиктик климат даана байкалат. Ал эми өлкөнүн борбордук жана чыгыш бөлүгүндө континенттик климат өкүм сүрөт. Эң суук мезгил декабрдан февралга чейин, түнкүсүн абанын температурасы +6...+8, күндүз +14...+16. Ысык аба ырайы июнь айында башталып, сентябрга чейин созулат, түнкүсүн абанын температурасы +19...+22, күндүз +30...+34 градусту түзөт.

Калкы: 2021-жылдын декабрына карата Түркиянын калкынын саны 84 млн. 680 миң кишиге жетти. Өлкөнүн негизги калкы түрктөр, күрттөр, арабдар, гректер, армяндар, черкестер, лаздар, еврейлер, грузиндер, крым татарлары ж.б. жашайт.

Борбору  - Анкара, 5,6 миллион киши жашайт. Түркиянын эң ири шаарлары: Стамбул (15,36 миллион киши), Измир (4,28 миллион), Бурса (2,95 миллион), Анталия (2,43 миллион), Адана (2,4 миллион) жана Кония (2,2 миллион).

Мамлекеттик тили – түрк тили.

Башкаруу формасы  Президенттик болуп светтик мамлекет.

Өлкөнүн улуттук күнү - Республика күнү – 29-октябрда белгиленет. 1923-жылы 29-октябрда Түркия республика болуп жарыяланган. Негиздөөчүсү жана биринчи президенти – Мустафа Кемал Ататүрк.

Мамлекет Башчысы: Президент - жалпы шайлоо жолу менен 5 жылдык мөөнөткө Президент болуп шайланат жана бир эле киши 2 жолу гана Президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  2018-жылы 24-июнунда Режеп Таййып Эрдоган Түркиянын Президенти болуп шайланган.

Мыйзам чыгаруу бийлиги парламент: Түркиянын улуу улуттук жыйыны партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 600 депутаттан турган бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы. 2018 -жылдын 24 -июнунда кезектеги парламенттик шайлоонун  натыйжасында Адилеттик жана Өнүгүү партиясы Улутчулдук кыймылы - Республикалык Альянс партиясы менен биригип жеңишке жетишти. Түркиянын улуу улуттук жыйынын спикери Мустафа Шентоп.

Аткаруу Бийлиги - Түркия Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылат. 9 июль 2018-жылы Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййып Эрдоган Министрлер Кабинетин түзгөн.

Сот системасы - жарандык, административдик жана арбитраждык соттордон турат.

Дини – Калктын 99% мусулмандар, көпчүлүгү сунниттик багыттагы исламды карманат.

Акча бирдиги - түрк лирасы. 1 АКШ доллары = 13,58 түрк лирасын түзөт (январь 2022)

Аскердик абалы: Түрк армиясынын саны болжол менен 480 миң кишини түзөт (НАТОдогу экинчи чоң контингент). Жогорку командачылык президенттин компетенциясына кирет. Куралдуу күчтөрдүн чыныгы командири Түркия Републикасынын улуттук коргоо министри Хулуси Акар.

Тышкы мамилелери: Түркия 174 мамлекет менен дипломатиялык мамиледе болуп, азыркы Тышкы иштер министри – Мевлүт Чавушоглу. Түркия БУУ жана НАТОдон тышкары ар кандай эл аралык жана аймактык уюмдардын жана түзүмдөрдүн – G20, АСЕАН, BSEC, ОКУ, OECD, ЭКУ, Цивилизациялар альянсы ж.б. мүчөсү. 2013-жылы Түркия ШКУ статусун диалог боюнча өнөктөш статусун алган.

Экономикасы: өлкөнүн экономикасында өнөр жайдын үлүшү болжол менен 28%, айыл чарбасы - 15%, курулуш - 6%, кызмат көрсөтүү - 51%. Текстиль, булгаары, тамак-аш, химия, фармацевтика, энергетика, металлургия, кеме куруу, автомобиль жана электротехникалык өнөр жайлары өнүккөн. Туризм болсо динамикалык түрдө өнүгүп  жаткан тармак болуп эсептелинет.

Билим берүү системасы: Түркияда 207 университеттин 129у мамлекеттик, калганы жеке менчик университеттер. Жогорку билим алган студенттердин жалпы саны 7 миллион 940 миңден ашуун.

Туризм тармагы: Түркиянын туристтик кызматы жана инфраструктурасы жакшы өнүккөн. Бул деңиз жээгиндеги курорттордун болушуна, ошондой эле аттракциондордун ар түрдүүлүгүнө байланыштуу. 2021-жылдын 7 айында Түркияга 10,8 миллион турист келип, кирешеси 6,8 миллиард АКШ долларын түздү; 2020-жылы коронавирустун пандемиясынын алкагында Түркияга 16 миллион турист келген. 32% Анталия облусу 12,59 млрд АКШ доллары; 2019-жылы - 46 миллион турист, киреше - 29,5 миллиард АКШ доллары.

Улуттук майрамдар жана эскерүү күндөрү - 1-январь - Жаңы жыл; 23-апрель - Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнү; 1-май - Эмгек жана тилектештик күнү; 19-май - Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт күнү; 15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнү; 30-август - Жеңиш күнү; 29-октябрь - Республика күнү (эң негизги мамлекеттик майрам). 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү катары да белгиленет (1938-ж. каза болгон). Дем алыш күндөрү ай календарына ылайык белгиленүүчү салттуу диний майрамдардын күндөрү (Орозо Айт – мусулмандардын ыйык Рамазан айынын аякташы, Курман айт).