2018-жылдын 30-ноябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына жана дүйнөлүк деңгээлде белгилүү болгон кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган дипломатиялык кече өткөрүлдү

7501

2018-жылдын 30-ноябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына жана дүйнөлүк деңгээлде белгилүү болгон кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган дипломатиялык кече өткөрүлдү.

Кечеге Түркия Республикасынын жаштар жана спорт министри М.Касапоглу, Түркия Республикасынын Президентинин Башкы кеңешчиси Я.Топчу, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Төрагасынын орун басары А.Кадырбаев катышты. Ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, Түркия Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана Эл аралык уюмдардын Анкарадагы өкүлдөрүнүн жетечилери, коомдук бирикмелер, интеллигенция, бизнес өкүлдөрү жана Түркия Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспора өкүлдөрү катышты.

Кечени ачуу салтанаттуу сөзүндө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси И.Жунусов эки тараптуу динамикалуу кызматташууну баса белгилеп, учурдагы мамилени дагы да илгерилетүү керек экендигин билдирди. И.Жунусов Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана ушул жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн маанилүү эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар тууралуу баяндады, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 9-11 апрелинде Түркияга болгон расмий сапары эки тараптуу байланыштардын ар тараптуу дэңгээлдеги активдештүүлүгүнө жардам бергендигин жана Түркия Республикасынын Президенти Р.Т.Эрдоган менен жеке байланыш орногондугун белгилеп кетти. Эки өлкөнүн Башчыларынын 2018-жылындагы 4 жолку жолугушуулары кызматташуунун динамикалуу өнүгүүсүн тастыктайт.

Υстүбүздөгү жылда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Джумабеков Түркия Республикасынын Измир шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын 8-пленардык жыйынына, ошондой эле Түркия Республикасынын Анталия шаарында өткөн Евразия өлкөлөрүнүн Парламент төрагаларынын III отурумуна катышты.

          2018-жылдын 6-декабрында Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырымдын Кыргызстанга расмий сапары пландалууда.

И.Жунусов акыркы жылдардагы ТИКАнын Кыргызстанга төмөндөгү долбоорлорду  ишке ашыргандыгы үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди.

- Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достук ооруканасы 2016-жылдын июнь айында курулуп башталган, 35 млн.АКШ доллары бөлүнүп берилген;

- 2015-жылдын 7-майында Бишкек шаарында нан заводунун ачылышы болуп өткөн, 3 млн. 250 миң АКШ доллары бөлүнүп берилген;

- Бишкек шаарындагы Тарых музейин реконструкциялоо 2016-жылдын март айында башталган, 15 млн.АКШ доллары бөлүнүп берилген;

- Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы кыргыз-түрк мамлекеттик мектебинин курулушу.

И.Жунусов Ч.Айтматовдун өчпөс чыгармачылыгы кыргыз адабиятына жана бүткүл түрк дүйнөсүнүн адабиятына чоң салым кошкондугун белгилеп, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу Кыргызстанды бүткүл дүйнө тааныгандыгын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK