Түркияда Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү расмий ачылды

458

2023-жылдын 26- ноябрында Түркиянын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү расмий ачылды. Ал  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды. 

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу мырза,  Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын министрликтери менен ведомстволорунун, анын ичинде Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Анкарада аккредиттелген дипломатиялык корпустун башчылары менен өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, академиялык коомчулуктун, ишкер чөйрөнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Түркияда жашаган мекендештер катышты. 

Маданият күндөрү Анкаранын Чоң театрынын фойесинде  Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли  улуттук ыр-күүлөрдү ойноп,  ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер,  чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана  кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү. Адан соң, маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып,  театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.  

Маданият күндөрүн расмий ачылыш гала-концертинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев кайрылуу жасашты. 

Элчи Руслан Казакбаев өз сөзүндө конокторду эки эл үчүн маанилүү болгон даталар менен куттуктап, ал эми кыргыз-түрк мамилелери бир тууган эки элдин тарыхы, маданияты, тили жана дини орток экендигине негизделгенин, Кыргызстан менен Түркиянын маданият тармагындагы мамилелери 1991-жылы өлкөбүз эгемендүүлүгүн жарыялагандан бери активдүү өнүгүп келе жатканын белгиледи. 

Ошондой эле ал, боордош Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруу өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык мамилелердин жогорку деңгээлде болгонун ырастайт жана көп кырдуу өнүгүшү үчүн маанилүү деп айтты.

Андан соң, маданият күндөрүнүн концерттик бөлүгү орун алып, кыргыздын бай маданияты жана искусствонун мыкты үлгүлөрү тартууланды.

Концертте Кыргыз Республикасынын эл артисттер Саламат Садыкова, Роза Аманова жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Гульзинат Суранчиева, Улан Качкыналев сындуу алдыңкы өнөр адамдары катышып,  Кыргыз Республикасынын эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Кыргыз Республикасынын эл артисти Анаргүл Нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал" бий ансамбли, Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери коштоду. 

Ачылыш гала концерти аншлаг менен өттү. Анкаранын Чоң театры өзгөчө шаңга бөлөндү. Концерттик программа  жандуу үн менен өтүп, көрүүүчүлөр тарабынан жылуу кабылалынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK