2023-жылдын 20-22-декабрында Элчи Руслан Казакбаев Элазык шаарына иш сапары менен барды

240

2023-жылдын 20-22-декабрында Элчи Руслан Казакбаев Элазык шаарына иш сапары менен барды.

Элчи Р.Казакбаев иш сапарынын алкагында Элазык облусунун губернатору Омер Тораман, Элазык шаарынын мэри Шахин Шерифогуллары, Фырат университетинин ректору профессор Фахреттин Гөкташ жана Элазыктын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Идрис Алан менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Элчи Руслан Казакбаев түрк тарапты Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгы менен куттуктап, боордош элге тынчтык, бакубатчылык жана өнүгү каалады.

Ошондой эле учурдан пайдаланып, бүткүл түрк дүйнөсүнүн орток маданий жана руханий мурасы болгон Чыңгыз Айтматовду Элазыгда даңазалоого кошкон салымы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, аны мындан ары кеңейтүүнүн перспективаларын карап чыгышты жана өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен пландарын белгилешти.

Делегацияларды алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана мектептер, бала бакчалар жана ооруканалар сыяктуу социалдык объектилерди куруу долбоорлорун ишке ашырууну камтыган бардык мүмкүн болгон багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Элазык облусунун губернаторлугунда өткөн жолугушууда тараптар Элазыкта жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин да талкуулашты. Губернатор Өмер Тораман Элазык облусунда Кыргызстандын 13 жараны жашап жатканын айтып, алардын жашап жүрүүсү боюнча көйгөйлөр жок экенин белгиледи. Өз кезегинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын жарандарына жашап жүрүүсүнө максималдуу жардам көрсөтүү өтүнүчүн билдирди. 

Элазык шаарынын мэриясында өткөн жолугушууда Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү жана эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун алкагында тараптар Кант жана Элазыг шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүүнү макулдашышты.

Фират университетинде өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстандан келген студенттердин санын көбөйтүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү, 2024-жылы Кыргызстандагы маанилүү даталардын урматына биргелешкен маданий жана илимий иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле түрк университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайлары ортосундагы байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Элазыктын Соода-өнөр жай палатасында өткөн жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Айыл чарба жана мал чарбасы тармагында кызматташууга мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Ошондой эле тараптап жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты жана бул максаттарда Элазыктын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясынын 2024-жылы Кыргызстанга иш сапары тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK