Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Соода жана биржалар палаталарынын биримдигинин (TOBB) башкармалыгынын мүчөсү Фаик Явуз менен жолугушту.
2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Соода жана биржалар палаталарынын биримдигинин (TOBB) башкармалыгынын мүчөсү Фаик Явуз менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын (ӨАК) 11-жыйынына, ӨАК алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна даярдык көрүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-инвестициялык мамилелерди чыңдоого кыргыз тараптын жогорку кызыкчылыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк бизнес форумун ийгиликтүү өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын аныкташты.