МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда медицина тармагында инвестициялык долбоорду ишке ашырууга даяр “Battal Holding” компаниясынын жетекчиси менен сүйлөштү

286

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) болгон расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасынын  “Battal Holding” фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө “Battal Holding” компаниясы жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну түзүү маселесин карап жатканын айткан Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди. 

Ал эми МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергия жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Белгилей кетсек, “Battal Holding” компаниясы фармацевтикалык каражаттарды чыгарат. Компаниянын капиталы 21,2 млн доллар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK