КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Түрк дүйнөсүндөгү институтташтыруу: ТМУ 21-кылымда» панелдик талкуусуна катышты

287

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анталья дипломатиялык форумундагы «Түрк дүйнөсүндөгү институтташтыруу: Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) 21-кылымда» темасындагы панелдик талкууга катышты.

Бул дипломатиялык аянтчада түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы маселелерине арналган иш-чара биринчи жолу өткөрүлдү. Талкууга Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Түркиянын Парламентинин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да катышты. Модератор ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев болду.

Талкуунун катышуучулары ТМУнун потенциалын бекемдөө, интеграциялык процесстерди чыңдоо жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча пикир алмашышты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө ТМУ алкагында кызматташуунун келечеги тууралуу пикири менен бөлүшүп, экономика, инвестиция, транспорттук артерияларды өнүктүрүү, гидроэнергетикага инвестиция жана «жашыл» долбоорлор сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн потенциалдуу багыттарын, жана ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерине каршы турууну белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн геосаясий туруксуздуктун фонунда интеграциялык процесстерди улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK