КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту

256

2024-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын январь айында Министр Хакан Фидандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жана үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар ошондой эле, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына алдыда боло турган сапарынын алкагында кыргыз-түрк мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча жана мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Стратегиялык кызматташуу боюнча жогорку кеңештин кезектеги отурумунун мазмундуу негизин даярдоо тууралуу пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

  • КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK