Элчи Руслан Казакбаев менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү

298

2024-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Элчи Р.А.Казакбаев Түркияга юстиция тармагында тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы юстиция тармагындагы кызматташуу, укуктук өз ара аракеттенүү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле медиация жана пробация тармагында тажрыйба алмашуу маселелери кеңири талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун 2024-жылдын февраль айында Түркияга расмий сапарынын жана эки өлкөнүн юстиция министрлери А.Баетов менен Ю.Тунчтун Анкарадагы эки тараптуу жолугушуусунун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү да талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Министрдин орун басары О.Сыдыков кыргыз тарап юстиция тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча сунуштарды даярдаганын билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кол коюлган жана пландаштырылган келишимдер боюнча маалымат алмашып, мындан аркы биргелешкен иштерди макулдашышты.

  •  2024-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Элчи Р.А.Казакбаев Түркияга юстиция тармагында тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK