Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын Анадолу ишкерлер ассоциациясы «ASKON» Кайсеринин башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү

200

2024-жылдын 18-19-апрелинде Кайсери шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Анадолу ишкерлер ассоциациясы «ASKON» Кайсеринин башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Курулуш, туризм, саламаттыкты сактоо, маалымат технологиялары, айыл чарба, логистика, жарнак, коргонуу өнөр жайы, камсыздандыруу жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн 30 адам катышкан жыйында Кыргызстан менен соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелери талкууланды.

Компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанда өндүрүш ачуу жана ЕАЭБ рынокторуна продукцияларды экспорттоо маселесин кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Элчи Р.Казакбаев Кыргызстанга инвестиция тартуунун артыкчылыктары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, өлкөнүн салык саясаты тууралуу маалымат берди. Ал Ассоциациянын мүчөлөрүн өндүрүшкө инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана бизнес-форум уюштуруу үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

«ASKON» Кайсеринин жетекчиси Илкер Барлы Ассоциация жакын арада Кыргызстанга келүүчү өкүлчүлүктүү делегацияны уюштурууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанга делегацияны уюштуруу боюнча мындан аркы иштер боюнча макулдашышты.

  • Кайсери шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Анадолу ишкерлер ассоциациясы «ASKON» Кайсеринин башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү
  • Кайсери шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Анадолу ишкерлер ассоциациясы «ASKON» Кайсеринин башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK