Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү

190

2024-жылдын 18-апрелинде Кайсери шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Элчи Казакбаев мекендештерине элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелери тууралуу кеңири айтып берди, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы маселелер талкууланды.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, жарандар кызыккан суроолоруна жооп алууга, ошондой эле Кайсери шаарында кыргыз маданиятын жайылтууга байланыштуу жакынкы пландарды жана демилгелерди элчи менен талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жолугушуунун соңунда элчи бардык жарандарга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле көтөрүлгөн маселелер боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK