Элчиликтин 2024-жылдын 29-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылдагы майрам күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында 1-майдан 5-майга чейин жана 9-май жумушчу эмес күн болуп саналат.
Буга байланыштуу, 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин жана 9-май күнү Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги жарандарды кабыл албай турганын маалымдайбыз.
Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө барууну башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.