Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги 2024-жылдын 14-майында «ОСТИМ» Техникалык Университети тарабынан уюштурулган «Бешинчи эл аралык маданият күндөрү» аттуу иш-чарага катышты.

350

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги 2024-жылдын 14-майында «ОСТИМ» Техникалык Университети тарабынан уюштурулган «Бешинчи эл аралык маданият күндөрү» аттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага Жакынкы Чыгыш, Түндүк жана Түштүк Америка, Түштүк-Чыгыш Азия, Африка ж.б. өлкөлөрдөн бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана студенттер катышты.

Катышуучуларга жана конокторго кыргыз маданиятынын атрибуттары, көркөм кол өнөрчүлүк, сувенирлер, кийизден жасалган буюмдар тартууланды. Мындан тышкары, Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын туристтик потенциалы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө китепчелерди таратышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK