Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 25-январындагы Пресс-релизи

7434

2019-жылдын 24-январында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ж.Шарипов “Мир отдыха и бизнеса” аттуу журналдын башкы редактору Трипольская Ольга жана Украинанын журналисттер союзунун мүчөсү Комиссаров Сергей менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар жолугушууда туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Украинанын калкына жеткирүүнүн жолдору жөнүндө сүйлөшүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK