Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 26-февралындагы билдирүүсү

7085

Урматтуу мекендештер, Украинанын аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, жана Элчиликтин меймандары Элчилик Киев шаары Печерск району Редутный 19/34 туюк көчөсүндө жайгашкандыгын дагы бир ирет маалымдайбыз.

«Google Карта» мобилдик-тиркеме аркылуу Элчиликке келүү жолун карап жаткан учурда көрсөтүлгөн дарекке көңүл бурууңузду суранабыз, себеби, тиркеме эски адрес боюнча алып барууда. Бул техникалык катаны оңдоо максатында Элчилик «Google Карта» тиркемесинин техникалык колдоо кызматына бир нече ирет кайрылган, бирок, азыркыга чейин эски дарек тиркемеден өчпөй жатат.

Ошондуктан, жол тандоо учурунда Киев шаары Печерск району Редутный 19/34 туюк көчөсү дарегин жазуу, же болбосо, Элчиликтин расмий интернет баракчасына http://www.kyrgyzembassy.com.ua/ кирүүңүздү суранабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK