Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Эмине Жапарова менен жолугушту

1366

2022-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Эмине Жапарова менен жолугушту.
Идирис Кадыркулов Эмине Жапарова айымды келе жаткан Украинанын Дипломатиялык кызматынын күнү менен куттуктап, ошондой эле быйыл Кыргызстан менен Украинанын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын белгиледи.
Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK