Урматтуу мекендештер, кымбаттуу достор!

726

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу достор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Эл аралык Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!

Көптөгөн элдердин маданий салты катары 2009-жылы адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген алыскы ата-бабаларыбыздын бул майрамы жаздын жана жаратылыштын жаңылануусунун алгачкы күнүн белгилейт.

Нооруз элдердин ортосундагы бири-бирине болгон урмат сыйды бекемдөөдө, чыңдоодо чоң роль ойнойт. Анын каада-салттары жана ырым-жырымдары адамдык баалуулуктардын алмашуусунун шартында кеңири жайылган Чыгыш жана Батыш цивилизацияларынын маданий жана байыркы үрп-адаттарын чагылдырат.

Учурдан пайдаланып, ушул оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан дос украин элинин жеринде тезирээк тынчтык орношун жана гүлдөп өнүгүүсүн каалайм!

Азыркы оор кырдаалды жана аскердик абалды эске алып, элчилик Нооруз майрамын майрамдоону жокко чыгарууну туура көрдү. Ошондой эле бул жердеги жердештерибиз да коопсуз жерлерде болуусун, абадан коргонуу тревогаларын кулак сыртында калтырбоосун өтүнөбүз. 

Кыргызстандын бардык жарандарын чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларга катышуудан жана жеке аскердик уюмдардын катарына кошулуудан сактануусун эскертем. 

Тынчтык жана жакшылык болсун!

Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK