Кыргызстандын Молдовадагы элчиси И.Кадыркулов Молдова Республикасынын Президенти М.Сандуга Ишеним грамотасын тапшырды.

245

15-сентябрда Кишинев шаарындагы Президенттик сарайда Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркуловдон (Киев шаарындагы резиденция менен бирге) Президент Майя Сандуга Ишеним грамотасын тапшыруу расмий аземи болуп өттү.

Жолугушууда Молдованын лидери биздин өлкөлөрдү тарыхый достук мамилелер жана эркин коомду жана парламенттик республикаларды куруу жолунда заманбап демократиялык жетишкендиктер байланыштырып турганын белгиледи. Элчи И.Кадыркуловдун азыркы кыргыз-молдаван мамилелеринин деңгээли эки өлкөнүн болгон потенциалына жооп бербейт деген пикирине толугу менен кошулду.

Элчи И.Кадыркулов өз кезегинде Модавиянын биринчи Президенти Мирча Снегурдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Ал ошондой эле, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги саясий диалогду жандандыруу жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-молдовалык өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу аркылуу, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептеерин билдирди.

  • Кыргызстандын Молдовадагы элчиси И.Кадыркулов Молдова Республикасынын Президенти М.Сандуга Ишеним грамотасын тапшырды.
  • Кыргызстандын Молдовадагы элчиси И.Кадыркулов Молдова Республикасынын Президенти М.Сандуга Ишеним грамотасын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK