80 жылдан кийин табылган

331

Ушул жылдын август айында 1943-жылы Украинанын Житомир облусунда фронтто курман болгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу С.Доронбековдун жакындары көмүлгөн жерди так аныктоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Украинадагы элчилигине кайрылышкан.

Сержант Дооронбеков Сабир, 1920-жылы Фрунзе областынын Калинин районундагы Молотовский селолук Советинде туулган, Кыргыз ССРинин Фрунзе ОВКсы тарабынан 1941-жылы фронтко чакырылган, 1943-жылы ноябрда каза болуп, Житомирдеги массалык көрүстөндөрдүн («братская могила») бирине коюлган.

Украинанын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын жигердүү жардамынын натыйжасында 80 жылдан кийин жердешибиз С.Доронбековдун сөөгү коюлган жер так аныкталган.

Житомир шаарынын аймагындагы аскердик мүрзөлөрдү күбөлөндүрүү документтеринде, Житомир областын фашисттерден бошотууда курман болгон, Житомир шаардык Смолянский аскер көрүстөнүнө коюлган советтик армиянын жоокерлери менен офицерлеринин тизмесинде, 1920-жылы туулган сержант Доронбеков Сабир, 276 номеринде катталган. Каза болгон күнү: 1943-жыл, 15-ноябрь. Сөөгү «537» деген жалпы мүрзөгө коюлган. Көрсөтүлгөн маалыматы Житомир областтык мамлекеттик администрациясынын Житомир облусунун мамлекеттик архиви тастыктайт (ф.Р.-6518, оп. 1, спр. 8,.л 25).

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын компетенттүү органдарына ушул оор мезгилде Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу көмүлгөн жерди табууга ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK