Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Болгария Республикасынын София шаарына иш сапары болуп өттү

365

2023-жылдын 27-28-октябрында Болгария, Румыния жана Молдовадагы кошумча аккредитацияга ээ болгон Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Болгария Республикасынын София шаарына иш сапары менен барды.

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эки күндүк консулдук кабыл алуу ишке ашырылды. Жарандарга комплекстүү консулдук кызматтар көрсөтүлүп, консулдук-укуктук консультациялар берилди. Болгарияда эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары туш болгон өзгөчө көйгөйлөргө жана алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кылдаттык менен көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги ошондой эле Болгариянын Тышкы иштер министрлигинде, Экономика министрлигинде жана Транспорт министрлигинде өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Учурдагы темалар талкууланып, кыргыз-болгар кызматташтыгын бардык тармактарда кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар макулдашылды.

  • Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Болгария Республикасынын София шаарына иш сапары болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK