Кыргыз Республикасынын Элчилиги кыргыз-украин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык кабыл алуу уюштурду

300

Ушул жылдын 22-ноябрында Украина менен достукту жана маданий байланыштарды чыңдоо, Ч.Айтматовдун мурасын кеңири жайылтуу максатында, Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелерин орнотулганына 30 жылдыгына карата  Элчилик тарабынан дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду. Объективдүү себептер менен мурда бул иш-чараны өткөрүү мүмкүн болгон эмес эле.

Иш-чарага Киевде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Украинанын коомдук жана саясий ишмерлерлер жана Верховный Раданын Кыргыз Республикасы менен парламенттер аралык байланыштар боюнча түзүлгөн депутаттык топтун мүчөлөрү катышышты.

Конокторго Киев-Борисполь автожолунун боюнда жаңы орнотулган Ч.Айтматовдун цитатасы менен көрнөк-жарнак (билборд) көрсөтүлдү.

Улуу кыргыз жазуучу – гуманист Ч.Айтматовдун быйылкы белгилейтурган 95 жылдык юбилеин белгилөө алкагында бул иш чараа алгачкы болуп уюштурулду.

Дипломатиялык кабыл алуу достук маанайда өткөрүлдү.

  • Кыргыз Республикасынын Элчилиги кыргыз-украин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык кабыл алуу уюштурду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK