Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрдү

357

Ушул жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украина Улуттук балдар үчүн китепканасында кыргыз жазуучусу жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш-чарага Киевдеги дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери, Президенттин офисинин, Билим берүү министрлигинин, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, Верховный Раданын депутаттары, Жазуучулар союзунун жана Сүрөтчүлөр союзунун жетекчилери, Киевдеги жогорку окуу жайлардын жетекчилери, Киевдин чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө украин тилинде Ч.Айтматовдун он чыгармасын камтыган жаңы басылып чыккан жыйнактын бет ачары болду (баяндамачылардын арасында жазуучунун көптөгөн чыгармаларынын котормочусу – профессор, фил.илимдерин доктору М.Васкив да болду).

Конференциянын алкагында жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган илимий-популярдуу тасма тартууланды. Китепкананын имаратында меймандар үчүн Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмө жана сүрөт галереясы, ошондой эле кыргыз эл чеберлеринин экспонаттарынын көргөзмө-бурчу уюштурулган.

Иш-чара коноктордун зор колдоосуна ээ болду, анда чыгып сүйлөгөндөр залкар жазуучу-гуманист Ч.Айтматовдун жаш муундарды тарбиялоодогу маанисин белгилешти.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK