КР ТИМдин 2023-жылдын тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин катышуусунда пресс-конференция өттү

279

2023-жылдын 7-декабрында “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин пресс-борборунда 2023-жылдагы тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин жана жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-конференция өттү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө КР ТИМдин башчысы Ж.Кулубаев 2023-жылга карата тышкы саясий ишмердүүлүк боюнча кеңири баяндама жасады. Атап айтканда, Министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну чыңдоо, КР жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү башка маселелер тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-конференциясына жергиликтүү жана чет элдик басылмалардын 30дан ашык өкүлү катышты.

Министр Ж.Кулубаевдин сүйлөгөн сөзү онлайн режиминде көрсөтүлдү.

  • КР ТИМдин 2023-жылдын тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин катышуусунда пресс-конференция өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK