Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов менен Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министри Ростислав Карандеевдин жолугушуусу болуп өттү

323

2024-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министри Ростислав Карандеев менен жолугушкан.

Украиналык тарап Кыргызстандын Украинадагы Элчилигине Кыргызстандын маданий мурастарын активдүү жайылтуусуна ыраазычылык билдирген.

Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги улуу кыргыз жазуучусунун чыгармалар жыйнагын украин тилине которуп басып чыгарган. Ошондой эле, Украинанын Улуттук балдар китепканасында расмий өкүлдөрдүн, дипломатиялык корпустун, кыргыз диаспорасынын, жергиликтүү интеллигенциянын жана башкалардын катышуусунда Ч.Айтматовго арналган илимий-практикалык конференция уюштурулган.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз маданий мурасын кеңири жайылтуу максатында Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министрлиги менен биргеликте кыргыз киносун украин тилине которуу боюнча иш-чаралар пландаштырылган. Биринчи этапта Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде киноадаптациялоо пландалууда.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов менен Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министри Ростислав Карандеевдин жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK