Элчи Идрис Кадыркулов Черкасск облусуна иш сапары менен барды

255

 

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кыргыз-украин маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү жана байланыштарды орнотуу максатында Элчи И.Кадыркулов Черкас облусуна иш-сапары менен барып, жергиликтүү бийлик жана мекеме башчылары менен жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапардын алкагында Черкассы шаарынын мэри А.Бондаренко, Чигирин шаарынын мэри В.Харченко жана облустук иш менен камсыз кылуу борборунун жетекчиси А.Гриценко менен жолугушуулар болду. Мындан тышкары, Элчи Чигирин ш. «Б.Хмельницкийдин резиденциясы» музейинде жана Канев ш. Т.Шевченконун музей комплексинде болуп, анын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Шаар жетекчилери менен жолугушууда эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланып, облустун өнөр жай жана инвестициялык потенциалы менен таанышуусу болду.

Улуу украин кобзары Т.Шевченконун мекенинде кыргыздын улуу залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун ысымын алган китепканаларды ачуу боюнча алдын ала жергиликтүү өз башкаруу органдардын жетекчилери менен макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK