КРнын Украинадагы Элчилиги Киев шаарындагы «ОХМАТДЕТ» улуттук адистештирилген балдар ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

331

2024-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарындагы «ОХМАТДЕТ» улуттук адистештирилген балдар ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Ошондой эле иш-чарага Украинада аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү да катышкан.

Оорукананын бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин жана статистикалык маалыматтарды Киев ОХМАТДЕТтин адистери балдар офтальмологиясы, балдар ортопедиясы, балдар нейрохирургиясы, балдар онкогематологиясы, жилик чучугун трансплантациялоо, неонаталдык хирургия, жаак-бет хирургиясы, иммуногистология, криобанк жана нур диагностикасы сыяктуу тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин көрсөтүп турат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча азыркы этапта онлайн иш-чараларды уюштуруу жолу менен квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу ж.б. тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилген.

 

  • КРнын Украинадагы Элчилиги Киев шаарындагы «ОХМАТДЕТ» улуттук адистештирилген балдар ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
  • КРнын Украинадагы Элчилиги Киев шаарындагы «ОХМАТДЕТ» улуттук адистештирилген балдар ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK