Кыргыз диаспорасы IV-чү ар жылы өткөрүлүүчү дүйнө элдеринин маданият фестивалы

7214

«Украинанын Киев шаарында, Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Киевде жашаган кыргыз диаспорасы IV-чү ар жылы өткөрүлүүчү «Outlook World Culture Festival»-дүйнө элдеринин маданият фестивалына катышты.

2017-жылдын 7-октябрында Киев шаардык кеңешинин залында IV-чү ар жылы өткөрүлүүчү «Outlook World Culture Festival»-дүйнө элдеринин маданият фестивалы өткөрүлдү.

Украинада аккредитацияланган 30 ашык чет мамлекеттердин элчиликтери жана Украинын 14 аз элдери келген конокторго өздөрүнүн маданий балуулуктарын, улуттук салттарын, фольклер, адабият жана жашоо адатын көрсөтүштү. Кыргызстандын павильонунда улуттук көркөм буюмдары, кийимдери, сувенирлери жана кыргыздын Улуу залкар жазучуусу Ч.Айтматовдун чыгармалары көргөзүлүп, конокторго кыргыз боорсокторунун түрлөрүнүн даамы тартылды. Фестивалды 6 миңден ашык адам көрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK