Документтерди мыйзамдаштыруу

2011-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Гаага конвенциясына кошулган, бул Конвенциянын катышуучулары болуп саналган чет элдик мамлекеттик документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарган.

Ушул Конвенцияга кошулган учурдан тартып Венгриянын тийиштүү расмий органдары тарабынан апостил коюлган Венгриянын документтери Кыргыз Республикасынын аймагында Элчиликте кошумча күбөлөндүрүүсүз таанылат, анткени Венгрия да жогоруда аталган Конвенциянын катышуучусу болуп саналат.

Ошентип, Венгриянын аймагында колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында берилген документтерге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде апостиль коюлушу керек («жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу»).

Эгер сизге Венгриянын документин Кыргызстанда колдонуу үчүн мыйзамдаштыруу керек болсо, апостиль коюу процедурасы үчүн документ берилген жергиликтүү мамлекеттик же муниципалдык органга кайрылышыңыз керек.