Об Организации Объединенных Наций

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту коргоо жана бекемдөө, өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында мамлекеттер аралык түзүлгөн эл аралык уюм.

Уюмдун уставына 1945-жылдын 26-июнунда 50 өлкөнүн өкүлдөрү кол койгон. Польша мамлекети ага кечирээк кол коюу менен 51-мамлекет-негиздөөчү болуп калган.

БУУ 1945-жылдын 24-октябрынан тартып расмий түрдө иштеп келет, ал эми бул күнгө карата Устав Кытай, Франция, Советтер Союзу, Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары жана башка ага кол койгон мамлекеттер тарабынан ратификацияланган.

Уставдын преамбуласында Бириккен Улуттардын элдеринин «болочок муундарды согуш алааматынан куткаруу» чечкиндүүлүгү тууралуу айтылат.

БУУнун Уставында бекитилген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу.         БУУнун мүчөлөрү төмөнкү принциптерге ылайык иш алып барууга аракеттенишет: бардык мамлекеттердин суверендүү тең укуктуулугун сактоо; эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү; эл аралык талаш-тартыштарда, же аймактык кол тийбестиктерде, же саясий көз карандысыздыкты чечүүдө күч колдонуудан баш тартуу.

Азыркы учурда БУУга 193 мамлекет мүчө болуп катталган.

Устав боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алты башкы органын түзүү каралган, булар: Башкы Ассамблея, Коопсуздук Кеңеши, Экономикалык жана социалдык Кеңеш, Кам көрүү Кеңеши, Эл аралык Сот жана Катчылык.  БУУнун ошондой эле Женевада, Венада жана Найробиде кеңселери бар.

БУУнун Башкы Ассамблеясы (БУУ БА) башкы кеңешүүчү орган болуп саналат, анын курамында добуш берүүдө бирден добушка ээ болгон БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү бар.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши туруктуу иштөөчү саясий орган. БУУнун уставына ылайык БУУнун  Коопсуздук Кеңешине эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилиги жүктөлгөн. БУУ Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты бузган же баскынчылык актысы жасалган аймактарга байкоочуларды жиберүү, касташкан тараптарга карата мажбурлоо чараларын көрүү, БУУнун куралдуу күчтөрүн колдонуу тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

БУУ иштеп баштагандан тартып БУУнун тынчтыкты камсыз кылуучу күчтөрү тарабынан тынчтыкты сактоо боюнча кыркка жакын операция жасалган. 1988-жылы БУУнун тынчтыкты камсыздоочу күчтөрү  дүйнөнүн Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан.

БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши (ЭКОСОК) экономикалык, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, адам укугу, экология ж.б. тармактардагы эл аралык маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана алар боюнча докладдарды түзүп, ар бири боюнча БАга сунуштама берүүгө укуктуу.

БУУнун Эл аралык соту 1945-жылы түзүлгөн  башкы сот органы, ал тараптардын макулдугу менен мамлекеттер аралык укуктук талаш-тартыштарды чечет жана укук маселелери боюнча консультациялык корутундуларды берет.

БУУнун Катчылыгы уюмдун ишмердүүлүгүнө карата тийиштүү шарттарды камсыздоо үчүн түзүлгөн. Катчылыкты БУУнун башкы административдик кызматкери – БУУнун башкы катчысы (2017-жылдын 1-январынан тартып – Антонио Гутерриш (Португалия) жетектейт.

БУУнун өзүнүн бир катар адистештирилген мекемелери бар – алар: эл аралык макулдашуулар менен ЭКОСОК аркылуу БУУ менен байланышы бар, экономикалык, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча эл аралык өкмөттөр аралык уюмдар (ЮНЕСКО, ВОЗ, ФАО, МВФ, МОТ, ЮНИДО жана башка). БУУнун көпчүлүк мүчөлөрү – БУУнун адистештирилген мекемелеринин катышуучулары.

Ошондой эле БУУнун жалпы системасына Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БДСУ) жана Атом энергиясы боюнча эл аралык агентство (МАГАТЭ) сыяктуу автономдуу уюумдар кирет.

БУУнун жана анын уюмдарынын расмий тили – англис, араб, испан, кытай, орус жана француз. БУУнун штаб-квартирасы Нью-Йорк шаарында жайгашкан.

2001-жылы Уюмга жана анын Башкы катчысы К.Аннанга «Бүткүл дүйнөдө бейпилдикти камсыз кылууда жана тынчтыкты бекемдөөдө кошкон салымы үчүн» Нобель сыйлыгы берилген.