Кыргыз делегациясы суу дипломатиясынын жана тоолорду өнүктүрүүнүн алкагында демилгелерди активдүү алдыга жылдырууда

1594

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Душанбе шаарында өткөн “Суу – туруктуу өнүгүү үчүн” аттуу Эл аралык иш-аракеттер он жылдыгына карата Экинчи жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияга катышуусунун алкагында 8-июнда «Жергиликтүү, улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлде суу ресурстары жаатындагы иш-аракеттерди жана өнөктөштүктү өбөлгөлөө» аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Д.Кемелова өлкө калкынын 20%ы таза суу менен камсыз болбой жатканын белгилеп, Кыргызстандын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Динара Кемелова азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн суу маанилүү табигый ресурс экенин баса белгилеп, ага байланыштуу суу ресурстарынын пайда болуу зоналарын сактоого жана сууну сарамжалдуу пайдалануу механизмдерин, анын ичинде сууну үнөмдөөчү технологияларды активдүү киргизүүгө жана суу энергетика тармагында өз ара пайдалуу аймактык кызматташуунун механизмдерин иштеп чыгууга чакырды.

Ошондой эле, Министрдин орун басары Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүк доорунда тоолорду туруктуу өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык демилгелердин колдоочусу жана демилгечиси болуп келе жатканын билдирди.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, делегация башчысы инвесторлорду, эл аралык каржы институттарын, климаттык фонддорду жана корпорацияларды региондогу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактарын адаптациялоого, экологиялык жактан таза энергия өндүргөн ГЭСтерди курууга багытталган долбоорлорду колдоого жана ишке ашырууга чакырды.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү / Борбордук Азия үчүн алдын алуучу дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык Борборунун башчысы Н.Герман менен жолугушуу өткөрдү жана анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын тоо демилгелерин БУУнун платформаларында, аймактагы суу кызматташтыгын илгерилетүүнү, ошондой эле алдын алуу дипломатиянын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Динара Кемелова Тажикстан Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү С.Рахимзода менен жолугушуп, иш-чарада Эл аралык Аралды куткаруу фонду жана анын түзүмдүк органдарын реформалоо, ошондой эле Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча активдүү диалогту алдыга жылдыруу маселелери талкууланды.

“Суу ресурстары жана климат: байланыштарды чыңдоо” жана “COVIDден кийинки калыбына келтирүүдө суу, энергия жана азык-түлүк байланышын чыңдоо” аттуу тематикалык кошумча иш-чараларда: КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү Т.Бозгунчиев жана КРнын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Б.Мамытов катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө алар эл аралык өнөктөштөрдү мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого басым жасоо менен Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча көрүлүп жаткан чараларды колдоого чакырышты, ошондой эле Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүү менен шайкеш келген сууну пайдалануу тармагындагы «суу-азык-түлүк-энергетика» программасын практикалык жүздө ишке ашырууну жактады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK