Нотариус меселелери

НОТАРИАТ МАСЕЛЕЛЕРИ

Нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-майындагы № 70 «Нотариат жөнүндө» Мыйзамында каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө Сиз төмөнкү кызматтарды ала аласыз: 

  1. баланын жарандыгын тандоо боюнча документтерин тариздөө;
  2. жашы жете элек балага Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортун алууга макулдук берүү боюнча;
  3. Элчиликтин компетенциясына кирген башка нотариалдык аракеттерди жасоо.

Консулдук жыйымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн имаратында жайгашкан банк терминалында жүргүзүлөт.