2018-жылдын 21-майында

8190

2018-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын Жаштар жана спорт министринин Европалык интеграция маселелер жаатындагы орун басары Николай Мовчан менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун учурунда тараптар жаштар, дене тарбия жана спорт жаатындагы кыргыз-украиналык мамилелерди эки тараптуу деңгээлде жана ошондой эле, эл аралык уюмдардын алкагында да илгерлетүү жөнүндө сүйлөшүлгөн.

Андан тышкары тараптар олимпиадалык оюндардын тобуна кирбеген оюндарды өнүктүрүүсү талкууга алынып, Украинанын спортчуларынын Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу тууралуу маселелер сүйлөшүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK