Укуктук базасы

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы келишим-укуктук база

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы келишим-укуктук база бүгүнкү күнү 36 эл аралык келишимди жана проектилик макулдашууларды камтыйт.

Тараптардын ортосунда кол коюлган акыркы эл аралык келишим - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу тууралуу макулдашуу (2016-жылдын 20-сентябрында Нью-Йоркто кол коюлган жана 2017-жылдын 26-майында күчүнө кирген).

Эки тараптын кароосунда ошондой эле бир катар эл аралык келишимдердин долбоорлору бар, алар эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган.