Документерди таануу жана суратып алдыруу
Кыргыз Республикасынан социалдык жана укуктук мүнөздөгү документтерди (соттолбогону тууралуу справка, жарандык абалы тууралу справка, туулгандыгы/никеге тургандыгы/өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ж.б. архивтик документтер) суратып алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн наамына эркин формада жазылган арыз. Арызда кайрылуучу аты-жөнүн, жашаган жерин, телефон номерин, электрондук дарегин көрсөтүп жана Кыргызстандан документти суратып алууга жардамдашуу өтүнүчү менен кайрылат. Link to file
- 3х4 өлчөмүндөгү бир даана түстүү сүрөт.
- Толтурулган анкетанын 3 даанасы. Link to file
- Паспорттун көчүрмөсү (консулдук каттоодо тургандыгын тастыктаган белгиси бар баракчасынын көчүрмөсү менен бирге).