Нотариалдык маселелер
Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде нотариалдык иш аракеттерин жүргүзөт. Өзгөчө элчилик Кыргыз Республикасында ишеним көрсөтүүчүнүн атынан укуктук иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ишеним каттарды жана арыздарды тастыктайт.
Нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Женева шаарында жайгашкан Элчилигинде (же жылдын ар бир чейрегинде Италияга консулдук сапар учурунда) кайрылуучунун өздүк катышуусу менен төмөнкү документтердин негизинде ишке ашырылат.
- Фамилия, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефонун, электрондук дарегин толук көрсөткөн жана керектүү нотариалдык документти сураган кайрылуу. Link to file
- Кайрылуучунун Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
- Ишеним көрсөтүлүп жаткандын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
- Суралып жаткан документтин түрүнө жараша төмөнкү документтер талап кылынат:
- жашы жети элек баланы чет өлкөдө коштоп жүрүү учурунда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
- кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү башкарууга укук берип жаткан учурда каралып жаткан мүлккө укугун далилдеген документтер (техпаспорт, үй китепчеси, авто унаанын техпаспорту, сатуу-алуу келишими ж.б.у.с).
* Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү тарабынан жасалган нотариалдык аракеттер - 10 АКШ доллары
* Ишеним кат берүү:
1) транспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугу үчүн - 10 АКШ доллары
2) кредиттик операциялар үчүн - 10 АКШ доллары
3) акчалай жана башка материалдык баалуулуктарды алууга - 10 АКШ доллары
* Камкорчулук, мурас жана башка мүлк маселелерин жүргүзүү жана аларга байланыштуу нотариалдык аракеттерди жасоо - 20 АКШ доллары
Банковские реквизиты Посольства
Банк / Bank: UBS SA, Switzerland
Номер счета / Account number: 793.423.00 Q
Номер клиринга / Clearing number: 240
Счёт на имя / Account name: Mission Permanente de la République du Kirghizistan Aupres de l'ONU
Адрес / Address: Avenue Blanc 51, 1202 Genève
№ CP: 80-2-2
SWIFT (BIC): UBSWCHZH12A
IBAN: CH35 0024 0240 7934 2300 Q