Элчи Омар Султанов «Сириянын түндүк-чыгышындагы түрмөлөрдө жана лагерлердеги чет элдик террорист согушкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата мамлекеттин мамилеси» деген темада тегерек столго катышты
2024-жылдын 8-мартында Элчи Омар Султанов «Сириянын түндүк-чыгышындагы түрмөлөрдө жана лагерлердеги чет элдик террорист согушкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата мамлекеттин мамилеси» деген темада тегерек столго катышты.
Тегерек стол Конфликттерди трансформациялоо боюнча Нордик Борбору (NCCT) жана Булан Институту тарабынан уюштурулган. Иш-чарага мамлекеттердин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын эксперттеринин кеңири чөйрөсү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сирия жана Ирактагы кагылышуу зоналарынан кайтып келген адамдарды репатриациялоо, реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча мыкты практикалар тууралуу кылдат пикир жана тажрыйба алмашуу болду.
Ошол эле учурда, Кыргызстандын 2023-жылы швейцариялык фонд GCERFге кошулганынан улам бул багыттагы долбоорлорго 2,5 миллион АКШ долл. бөлүнгөн.