Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы

3719

2018-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Бөлүмүнүн жана башка эл аралык
уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлдүгү кыргыздын чыгаан жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий иш-чара өткөрдү.
Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү башкаруу органдарынын жана кыргыз диаспорасынын 150дөн ашуун өкүлдөрүн чогулткан бул иш-чарада "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма жана жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү. Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Женевадагы Туруктуу өкүлү Д.Мукашев Ч.Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгына, анын негизги чыгармаларына, жазуучунун 90 жылдык мааракесине байланыштуу Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен анын чет элдик мекемелеринин үстүбүздөгү жылдын ичинде бул багыттагы аткарган иштерине токтолуп өттү. Чакырылган коноктор үчүн ошондой эле Кыргызстандын Женевадагы Туруктуу өкүлдүгүнүн атынан кабыл алуу уюштурулду.

  • Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы
  • Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK