Швейцария Президенти Иньяцио Кассис Президент Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктады

2353

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Иньяцио Кассис Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы  дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктады. 

«Бреттон-Вудс институттарында жалпы добуш берүү биздин өнөктөштүгүбүздүн негизги элементи болуп саналат жана Швейцария биздин эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык мамилелерди баалайт. Мен ошондой эле 2022-2025-жылдарга жаңы Кызматташтык программасында каралгандай, өнүгүү максатында биргелешкен кызматташтыгыбызды улантууну күтөм.

Жогорку сапаттагы негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, суу ресурстарын туруктуу башкарууну камсыз кылуу, инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү милдеттерин биргелешип чечүү биздин эки өлкөгө тең пайда алып келет деп ишенем», — деп айтылат Швейцария Президентинин катында.

Иньяцио Кассис Швейцария эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө умтуларын ырастап, Кыргызстандын жарандарына тынчтык жана бакубат келечек каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK