Эл аралык аялдар күнүнө карата, 2022-жылдын 8-мартынан тартып Женевада “Аялдар көп тараптуулук үчүн” көргөзмөсү өтүп жатат, анда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева да көрсөтүлдү.

2058

Эл аралык аялдар күнүнө карата, 2022-жылдын 8-мартынан тартып Женевада “Аялдар көп тараптуулук үчүн” көргөзмөсү өтүп жатат, анда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева да көрсөтүлдү.

Бул көргөзмө Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн жана Габондун Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн демилгеси болуп саналат жана инклюзивдик процессти жана көп тараптуу кызматташтыктын духунда уюштурулган. Көргөзмөгө көп тараптуу дипломатияны, адам укуктарын, өнүгүүнү, тынчтыкты жана коопсуздукту өнүктүргөн ар кайсы өлкөлөрдөн лидер-аялдар бар.

Бул долбоор БУУнун Женевадагы өкүлчүлүгүндөгү көптөгөн туруктуу өкүлчүлүктөр менен өнөктөштүктө, анын ичинде Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү, кызматташтыктын духунда жана бардык континенттердин аялдары мурда жасаган жана тынчтыкка жана коопсуздукка, адам укуктарына жана өнүгүүгө болгон жалпы ишке эбегейсиз зор салым кошуп келе жаткан бирдиктүү идеянын духунда түзүлгөн.

Көргөзмөнү https://www.women4multilateralism.org/ веб-сайтынан көрүүгө болот жана #women4multilateralism үгүт урааны астында социалдык медиа өнөктүгү менен коштолот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK