"«Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү" долбоору

2110

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Эл аралык финансы корпорациясы ортосундагы финансылык консультациялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга 2021-жылдын 19-октябрындагы ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору (мындан ары - МЖӨ борбору) учурда «Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү» жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары «МЖӨ долбоору») жалпы таанылган ишкердик репутацияга жана ири аэропортторду башкарууда эл аралык тажрыйбага ээ болгон инвесторлорду тартуу, алардын коомчулукка кызыгуусун арттыруу боюнча кеңири жана этаптуу иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдайт. 

МЖӨ долбоорун ишке ашыруу «Манас» аэропортун Кыргыз Республикасын Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен байланыштырган ири авиациялык хабга айландырууга мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасынын туризм тармагын өнүктүрүүгө да оң таасирин тийгизет жана кызмат көрсөтүүнүн жана технологиянын деңгээлин эл аралык стандарттарга көтөрүү.

Жалпысынан инвестиция катары кеминде 400 миллион АКШ долларын тартуу жана анын иштөөсүнүн аягына чейин “Манас” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн 9 миллиондон кем эмес жүргүнчүгө жеткирүү пландаштырылууда (бүгүнкү күндө жүргүнчүлөрдү ташуу 2,1 миллион адамды түзөт). Бүгүнкү күндө ТЭНди, укуктук талдоону, ошондой эле социалдык-экологиялык экспертизаны түзгөн документтердин пакети даяр, алар тендердик документтерди даярдоо үчүн негиз болуп саналат жана потенциалдуу субъектилер тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт. Кийинки этап эл аралык ачык сынакты жарыялоо жана андан кийин сынактын жеңүүчүсүн (инвесторду) тандоо болот.

Толук маалымат келерки файлда - МЖӨ долбоору.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK