Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси Омар Султанов Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда курман болгон советтик жоокерлердин бейитине гүл коюу аземине катышты
2023-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси Омар Султанов Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда курман болгон советтик жоокерлердин бейитине гүл коюу аземине катышты.
Иш-чара Базель шаарындагы Хёрнли көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата өттү.