Кыргыз Республикасынын Женева шаарында жайгашкан БУУнун кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу Өкүлү Омар Султанов БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясынын ( ЮНКТАД) өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрдү

145

2023-жылдын 31-октябрында жана 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Женева шаарында жайгашкан БУУнун кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу Өкүлү Омар Султанов БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясынын (ЮНКТАД) өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрдү.

Консультациялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен ЮНКТАДдын Башкы катчысы Ребека Гринспандын 2023-жылдын 16-октябрында Абу-Дабиде (БАЭ) Дүйнөлүк инвестициялык форумдун алкагында болуп өткөн жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жолдорун талкуулоо максатында өткөрүлдү. Туруктуу Өкүл О.Султанов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ЮНКТАДдын башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө айтылган өнүгүүнүн багыттары кыргыз тарабы үчүн артыкчылыкка ээ экенин баса белгиледи.

Ушуга байланыштуу, ЮНКТАДдын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында сооданы жөнөкөйлөштүрүү жана санариптештирүү, жана ошондой эле электрондук коммерцияны өнүктүрүү жаатындагы техникалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.

Консультациялардын соңунда тараптар кызматташуунун жогоруда белгиленген чөйрөлөрү ЮНКТАДдын “Кыргыз Республикасында сооданы жана өнүгүүнү трансформалоо” деп аталган ЮНКТАДдын программасынын долбооруна киргизүүнү макулдашышты. Мындан тышкары, бул программа тышкы карызды жөнгө салуу, табышкер экономика, ишкердикти өнүктүрүү, мыйзамсыз финансылык агымдарга каршылык көрсөтүү, тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү да камтымакчы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK