Кыргыз Республикасынын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги Туруктуу өкүлү О.Султановдун БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, Качкындар боюнча Жогорку Комиссардын коргоо маселелери боюнча жардамчысы Джиллиан Триггс менен жолугушуусу (БУУ КЖКБ)

140

2023-жылдын 9-ноябрында БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Женева шаарындагы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги Туруктуу өкүлү О.Султанов менен БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссардын коргоо маселелери боюнч жардамчысы (БУУ КЖКБ) Джиллиан Триггстин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Джиллиан Триггс айым Кыргызстанда качкындардын статусун аныктоо жана алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча натыйжалуу чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл процедураларды жана механизмдерди киргизүүнү караган мыйзамдык базаны калыптандыруудагы олуттуу прогрессти жогору баалады. Тараптар эки жакты кызыктырган башка бир катар маселелерди да талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK