У.ж. 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Аялдар Гильдиясы тарабынан жыл сайын өтүүчү БУУ Эл аралык кайрымдуулук базарына катышты.

137

У.ж. 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Аялдар Гильдиясы тарабынан жыл сайын өтүүчү БУУ Эл аралык кайрымдуулук базарына катышты.
Быйыл Эл аралык базар “Балдар үчүн бирге” деген ураан астында өттү. Иш-чарага 60тан ашык БУУ мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстан кыргыз диаспорасынын колдоосу менен эки павильонду – улуттук тамак-аштар жана буюмдарды тартуулады. Иш-чаранын жүрүшүндө көптөгөн коноктор көп улуттуу Кыргызстандын маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK