2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Омар Султанов Швейцариянын улуттук илимий фондунун жетекчилиги менен жолугушту.

95

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Омар Султанов Швейцариянын улуттук илимий фондунун жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын A/RES/77/172 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюциясы менен бекитилген 2023-2027-жылдардагы Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда Глобалдык тоо университетин ачуу боюнча кызматташуунун перспективалары талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын аткаруучу органдары аркылуу тийиштүү иштерди баштоону макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK